Бүгүн, 12-майда республика боюнча кызамык жана кызылча оорусуна каршы эмдөөнүн экинчи этабы башталды. Жалал-Абад шаарында бул үчүн 34 эмдөө бригадасы түзүлдү.
Мэриядан кабарлашкандай, шаардагы бала бакчалардан баштап, мектептерде жана жогорку окуу жайларында эмдөө үчүн үчтөн бөлмө ачылды. 1-бөлмөдө дарыгер жана каттоочу эмдөө алуучулардын ден соолугун текшерет. 2-бөлмөдө эмдөөдөн өткөрүшөт, 3-бөлмөдө болсо тургундар эмдөөдөн кийин жарым саат кызылча жана кызамык оорусу жөнүндө видеотүрмөк көрүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат. Шаар боюнча 45 098 киши эмдөөдөн өтөрү күтүлүүдө.