Кыргыз жеринде эми айдоочулук күбөлүк 10 жылдык мөөнөткө берилет

Кыргыз жеринде мындан ары айдоочулук күбөлүктөр 10 жылдык мөөнөткө берилет. Мамлекеттик каттоо кызматынын демилгеси менен "Жарандарга айдоочулук күбөлүк берүү жана айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү, сынак алуу тартибин бекитүү жөнүндө" өкмөттүн 1999-жылкы жобосуна өзгөрүү кирди. 
Жобонун 27-пункту төмөнкүдөй өзгөртүлөт: "Айдоочулук күбөлүк алуучунун паспорту аркылуу жана айдоочулук күбөлүк берүү китебине анын жекече кол коюусу менен гана берилет. Айдоочулук күбөлүктүн жарактуу мөөнөтү - 10 жыл". Документке ылайык, берилгенине 10 жыл толгондон кийин айдоочулук күбөлүк автоматтык түрдө жараксыз деп табылат. 
Улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр буга чейин чексиз мөөнөткө берилип келген, алар мындан ары да жарактуу бойдон калары айтылды (өзгөртүү таасир этпейт). 
"Жол кыймылы жөнүндө Вена конвенциясына ылайык, ар бир мамлекет айдоочулук күбөлүктүн жарактуу мөөнөтүн өзү аныктайт. Негизинен бул нерсе Орусиядагы мигранттарыбыздын кызыкчылыгы үчүн жасалды. Орусияда кыргыз мамлекетинин айдоочулук күбөлүктөрүнүн жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөнү үчүн мигранттар кыйналышууда, аларга айып пул салышууда. Мигранттарыбызга жеңилдик берүү үчүн ушундай чечим кабыл алынды. Буга чейин биздин айдоочулук күбөлүктөрдө жарактуу мөөнөтү канча жыл экени жазылган эмес. Эми 10 жылдык мөөнөт көрсөтүлөт",- деп билдирди SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү. 
Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда же калыбына келтирүүдө кайрадан сынак тапшыруу талап кылынбай турганы айтылды. "Автоунаа айдоо укугунан ажыратылгандар айдоочулук күбөлүгүн кайтарып алмакчы болгондо бул эреже иштебейт",- деп кошумчалады мекеме өкүлү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан