Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги да Орусиянын Екатеринбург шаарында 5 жашар
Болсунбектин атасы
Майрамбек Орозов менен апасы
Гүлмираны издеп жатат. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына 12-майда Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмүнүн жетекчиси
Нурлан Сүйөркулов билдирди. Анын айтымында, Болсунбек менен Тышкы иштер министрлигинин аталган шаардагы консулдугунун кызматкерлери жолугушту.
"Баланын ата-энесин сөзсүз табышыбыз керек. Бул үчүн биз иш-аракеттерди жасап жатабыз. Эгерде табылбай калса, атайын документ чогултуп, баланы кыргыз жериндеги туугандарына өткөрүш керек",- деди Сүйөркулов.
Айта кетсек, Орусиянын Екатеринбург шаарында Болсунбек апасы үйүнөн чыгарып жибергенин айтып, атасын издеп жүргөнү 10-майда
"Элдик кабар" аркылуу жарыяланган. Бул арада Болсунбектин кыргыз жериндеги
туугандары да
SUPER.KG порталына байланышка чыгып, баланы кыргыз мамлекетине алып келип багып алганы жатышканын билдиришти.