Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов Ысык-Атанын Милянфан айылында өткөн Жеңиш майрамына катышты

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Бахадыр Сулейманов Ысык-Ата районундагы Милянфан айылында өткөн Жеңиш майрамына катышты. Эл өкүлү жергиликтүүлөрдү майрамы менен куттуктады. Милянфандыктар айылдык Маданият үйүнө чогулуп, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган атайын даярдалган концерттик программаларга ортоктош болушту. Эл өкүлү оорукта эмгектенген ардагерлерди өзгөчө куттуктап, материалдык колдоо жана “Ата Мекен” партиясынын ыраазычылык каттарын тапшырды. 
“Биз бул тарыхый сыймыктуу күндү эч качан унутууга акыбыз жок. Бүгүн 20-кылымдын чумасы болгон улутчулдук, фашисттик көз караштардын кыйрап жок болгон күнүн белгилеп жатабыз. Келечекке сабак болчу бул тарыхты балдарыбызга, андан аркы келечекке өткөрүп беришибиз керек. Анткени алар дайыма, биз бүгүн жашап жаткан эркиндик, Жеңиш майрамы деген улуу сөздү сыймыктануу менен айтып, анын бийиктиги жана асылдыгы канчалык кымбат экенин билип жүрүшү керек”,- деди Сулейманов.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kazemir
2015-05-13 13:14:08
эмнее Кытайчавы айылдын аталышы?
+1
Acerkg
2015-05-14 11:47:31
Admin, emne menin komentim ochuruldu?? Sebebin talap kylam!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан