Темир Сариев: "Баткенде 12-майда болгон чек ара чатагы дыкат иликтениши керек"

Өкмөт жетекчиси Темир Сариев Баткенде 12-майда болгон чек ара чатагы боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 
Маалыматка таянсак, Райимбердиевге окуяны объективдүү иликтөө иштерин уюштуруу тапшырмасы берилди. Өзбекстандын тийиштүү органдары менен биргеликте чатактын себептерин табуу чараларын көрүүнү буйруду. "Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жергиликтүү бийлик башчыларына мыйзамдуулукту сактоо боюнча тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди",- деп билдирет өкмөт.  
Эскерте кетсек, кечээ Баткенде кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыгып, өзбек чек арачылары бир кыргыз жаранын өлтүрүп, бирин Өзбекстан тарапка алып кетишкен. Бүгүн аларды кыргыз мамлекетине кайтарып берди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан