4 күндөн бери Орусиянын Екатеринбург шаарындагы ооруканада баш калкалап жаткан 5 жашар
Болсунбектин ата-энеси табылды. Бул маалыматты
SUPER.KG порталына 13-майда баланын атасы
Майрамбек Орозовдун кыргыз жериндеги эжеси
Рапия Жаманкулова тастыктады. Анын айтымында, бүгүн Болсунбекти ата-энеси кыргыз мамлекетинин Екатеринбург шаарындагы консулдугунан тиешелүү документтерди жыйнап, баланы өздөрүнө алышат.
Айта кетсек, Орусиянын Екатеринбург шаарында Болсунбек апасы Гүлмира үйүнөн чыгарып жибергенин айтып, атасы Майрамбек Орозовду издеп жүргөнү 10-майда "Элдик кабар" аркылуу жарыяланган. Баланы полиция кызматкерлери көчөдө жүргөндө кезиктирип, ооруканалардын бирине убактылуу баш калкалап туруу үчүн таштап кетишкен. Ал эми оорукана жетекчилиги баланын ата-энеси табылбаса, аны балдар үйүнө өткөрүлөрүн айткан.