Таиланддык инвесторлор кыргыз мамлекетинен баалуу таш казууга кызыгышууда

Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин башчысынын орун басары Улан Рыскулов 12-майда Таиланддан келген делегация менен жолугушту. Делегацияны Таиланддын инвестиция боюнча кеңешине караштуу Инвестиция боюнча департаментинин аткаруучу директору Чолада Ариражакул жетектеп келгенин мекемеден билдиришти. Иш сапардын максаты - кыргыз мамлекетиндеги инвестициялык климат менен таанышуу. 
Таиланддык өкүлдөр кыргыз мамлекетинен баалуу таш казуу тармагына кызыкдар экендиктерин билдиришти. Рыскулов өлкөгө инвестор тартуу маанилүүлүгүн белгилеп: "Кыргыз мамлекетин туруктуу өнүктүрүү стратегиясы боюнча жана өлкөдө тоо-кен өндүрүшүн өнүктүрүү стратегиясына ылайык, республикабызга инвестиция тартуу негизги приоритет",- деп билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан