Алмазбек Атамбаев менен транспорт жана коммуникация министри өлкөдөгү автоунаа жолдорунун курулушун талкуулашты

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев бүгүн, 13-майда өлкөдөгү автоунаа жолдорун куруу жана оңдоо иштеринин жүрүшүн талкуулашты. Министр өлкөнүн түштүк аймагына жасаган иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад жана Ош, Баткен облустарындагы стратегиялык жолдордун курулушу тууралуу сөз болду. Алмазбек Атамбаев министрге пландалган иштерди өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү тапшырмасын бергенин президенттик аппараттан билдиришти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан