Баткендин тургуну: “Кадамжай районунда мамлекет тарабынан берилген каражаттар мыйзамсыз иштетилүүдө”

“Баткен облусунун Кадамжай райондук администрциясында "Кокон хандыгы" орногон. Жергиликтүү мамлекеттик жетекчилер облуста өз билгенин жасап, мыйзам бузуучулук фактылары болууда”,- деди бүгүн, 13-майда маалымат жыйынында Мамлекеттик коррупцияга каршы люстрациясынын Баткен облусу боюнча координатору Роза Маманова. Анын айтымында, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Акматжан Абдрахманов жерлерди Өзбекстандын жарандарына 5 жылга ижарага берген.

Мындан тышкары ошол эле айылда жайгашкан “Достук” маданият үйүн оңдоп-түзөөгө мамлекет тарабынан берилген 2 миллион 980 200 сомдун 500 миңи гана иштелип, калган каражаттар Абдрахмановдун чөнтөгүнө түшкөн. Бул тууралуу жергиликтүү депутаттар деле айтышууда. Ушул жана башка фактылар боюнча Баткен облусунун күч органдарына кайрылдык, бирок эч кандай жыйынтык болгон жок.

Анан массалык маалымат каражаттары аркылуу болуп жаткан мыйзам бузуучулуктар жөнүндө айталы деп Ош облусунда маалымат жыйын өткөрүп жаткан учурда айыл өкмөтүнүн башчысынын адамдары келип, мени өлтүрөбүз деп коркутуп кетишти”,- деди Маманова.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asad345
2015-05-13 16:42:21
Урматту портал кызматкерлери Урманова Айнагулдун тагдырына конул кош мамиле кылган Аксы райондук укук коргоо органдары жана баласын мыйзамсыз Озбекстанга уурдап кеткендер тууралуу маалыматты маалымдап койсонуздар
0
admin_portal
2015-05-13 16:45:53
asad345, саламатсызбы!
Тактап, маалымат бергенге аракет кылабыз. Туш келди жакка бул билдирүүнү калтыра бербесеңиз.
0
kama_future_millioner
2015-05-13 22:31:14
Ушундай жеп жутарлардын айынан мамлекет өнүкпөй атат
0
st1m_
2015-05-14 00:36:15
Акча болунгон сон мамлекет тарабынан акча максатка ылайык пайдаланып жатабы тактап текшеруу деген болбойбу.Мамлекеттин акчасын ким каалагандай пайдалануу фактысы ар бир райондон байкалат, атайын болумдор эсине келчу деле убакыт жетти окшойт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан