Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 20 өкүлү Түркияда тажрыйба топтоодо

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 20 кызматкери Анкара шаарында Түркиянын Жаза жана абак башкы дирекциясынын окуу борборунда окуудан өтүүдө. ЖАМКнын маалыматына таянсак, 11-майда башталган окутуу эки мекеменин ортосундагы келишимге ылайык жүрүүдө. Мындай иш-чара ЖАМКнын башчысынын Түркияга жасаган иш сапарында сүйлөшүлгөн. Тажрыйба үйрөнүүдөн өтүп келишкен кызматкерлер кыргыз жеринде атайын курстарды уюштуруп, тажрыйбалары менен бөлүшөрү айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан