Кыргыз жеринде калктын саны 5 миллион 912 миңге жетти

Кыргыз мамлекетинде калктын саны 2015-жылдын 1-мартына карата 5 миллион 912 миң адамды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги кабарлады. Расмий каттоодо турган жумушсуздардын саны 58 600 адамды түзгөнү, облустук ишке орноштуруу кызматтарына кайрылган адамдардын саны 1-майга карата 60 миң болгону айтылды. Бул көрсөткүч былтыркы жылкыга салыштырмалуу 31 пайызга көп. 
"Аталган кызматтар тарабынан бул аралыкта 13 400 адам ишке орноштурулган. Жумушсуздуктун өсүп жатышы жана иш орундарынын тартыштыгы бош жүргөн жарандарды окутуунун негизги багыты болуп калды. Эмгек рыногунда жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу үчүн 2015-жылдын 1-майына карата 3 600 адам кесиптик билим алууга жиберилди",- деп билдирет министрлик. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан