Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын Кадамжай районундагы стационардык посту менен таанышты. "Баңгизат аткезчилигине каршы жүргүзүлүп жаткан иштер эффективдүү болбой жатканын 2014-жылдын статистикасы көрсөтүп турат. Уюштуруучудан аткаруучуга чейинки бардык кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартууга карата масштабдуу атайын операциялардын жыйынтыгы жок",- деп мекеменин ишин сынга алды вице-премьер.
Маматалиев "Кызыл-Бел" көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун иши менен да таанышып, өлкөнүн ЕАЭСке киришине байланыштуу анын керектүү жабдуулар менен канчалык жабдылганын көрдү. Жыйынтыгында андагы шарт ЕАЭСтин талаптарына толук жооп берерин белгилегенин 13-майда өкмөттөн билдиришти.
Өкмөт мүчөсү мындан башка да бир катар мекемелердин абалы менен таанышканы айтылды.