Каржы министрлиги: Бюджеттик ссуда жана чет мамлекеттик кредиттер боюнча 2015-жылы 2 миллиард 369 миллион сом түшөт

Бюджеттик ссудалар жана чет мамлекеттик кредиттер боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттердин карыздарын кайтаруудан 2015-жылы 2 миллиард 369 миллион сом түшөрү күтүлүүдө. Каржы министрлиги 13-майда билдиргендей, аталган сумманын ичинен 1 миллиард 374 200 сому негизги карыз, 995 миллион 10 миң сому пайыздар жана айып пулдар. 
"Бюджеттик ссудалар жана чет мамлекеттик кредиттер боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттерден 2015-жылдын январь-апрель айларында зайымдык каражаттарды кайтаруудан 1 миллиард 206 миллион 87 миң сомду түздү. Мунун ичинен негизги карыз – 740 миллион 20 миң сом, пайыздар жана айып пулдар – 466 миллион 85 миң сом",- деп билдирет министрлик.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан