Кыргыз мамлекетинин тышкы соода жүгүртүүсү 2015-жылдын январь-март айларында 1 миллиард 283 миллион 100 миң долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Мындай көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,8 пайызга төмөн. Товар жүгүртүүнүн үлүшү: 30,1 пайызы экспорт, 69,9 пайызы импорт.
Экспорт мурунку жылкыдан 9,8 пайызга өскөнү (386 миллион 400 миң доллар), импорт 18,7 пайызга азайганы (896 миллион 700 миң доллар) маалымдалды.