Ошто мугалимдердин коомдогу абалы, алардын айлык акысы жана билим берүү системиндеги кыйынчылыктар талкууланды

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев 13-майда Ош облусундагы Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорундагы орто мектептердин директорлору менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.

Депутаттын айтымында, билим берүү системинин маселелерин чечүү максатында Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин ондогон чечимдери, Жогорку Кеңештин токтомдору жана ошондой эле көптөгөн мыйзамдар кабыл алынган. Бирок иштин жылышы Жогорку Кеңешке байланыштуу болбостон, өкмөттүн түздөн-түз таасиринен болуп жатат.

“Биз ишти өкмөткө түртө салбастан, токтомдордун жана комитеттин чечимдеринин аткарылышы тууралуу байма-бай жыйын өткөрүп, аларга керектүү укуктук актылар боюнча жардам берип келе жатабыз. Укуктук актылардын аткарылбагандыгынан өкмөттүн отчётуна "канаатандырарлык эмес" деген баа берилүүдө. Эми өкмөт “сентябрда мугалимдердин айлык маянасын 50 пайызга көтөрүп беребиз” деп сөз берди, ушул иштин майнаптуу болушун күтүп жатабыз”,- деди Осмоналиев.

Жолугушуунун жүрүшүндө мугалимдердин коомдогу абалы, айлык акысы жана билим берүү системиндеги кыйынчылыктар талкууланды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан