КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында 12-25-май аралыгында "Диний экстремизм. Негизги түшүнүктөр. Бишкек шаарындагы диний кырдаалды талдоо" деген темада борбордогу милиция инспекторлоруна кыска мөөнөттөгү курстар өтүлүүдө. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, аталган семинарлар Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен биргеликте Башкаруу академиясынын Кошумча билим берүү институту тарабынан өткөрүлүүдө. Айта кетсек, иш-чара 2014-2020-жылдарга арналган дин тармагындагы мамлекеттик саясат концепциясын ишке ашырууну колдоо иретинде уюшулууда.