Элчилик кыргыз жараны Зарина Осмоналиеванын Непалдан Индияга кайтып келишине жардам берди

2015-жылдын 9-майында кыргыз мамлекетинин Индиядагы элчилигинин көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Зарина Осмоналиева аттуу жараны Непалдан Делиге келди. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда ТИМдин маалымат кызматы билдирди. "Элчилик З.Осмоналиеванын акысыз 7 күнгө виза алуусун, мындан тышкары анын билетин 8-майдан 9-майга бекер алмаштырууну ишке ашырды. З.Осмоналиева учурда Индияда жана окуусун улантуу үчүн Швейцарияга кайтып барууга даярданууда",- деп билдирди министрлик.  
Айта кетсек, Индия өкмөтү 26-апрелден 6-майга чейин Непалдан кайтып келген бардык чет элдик жарандарга акысыз бир аптага виза берди. Азыркы учурда виза берүүнү токтотту. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан