"Кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу жалпы улуттук масштабдагы окуя",- деп билдирди экономика министри Олег Панкратов 13-майда "Бизнес жана ЕАЭС: чакырыктар жана келечек" аттуу бизнес-форумда. Министр аталган уюмга кошулуу экономиканын өнүгүүсүн гана эмес, өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү келечегин да аныктай турганын айтты.
Айта кетсек, 8-майда Москвада Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин саммитинде аталган биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары кыргыз мамлекетинин бул биримдикке кирүүсү боюнча соңку эки протоколго кол коюшкан. Бул документтер уюмга мүчө ар бир мамлекеттин парламенттеринен ратификациядан өтүшү керек. Ошондо Кыргыз Республикасы ЕАЭСтин толук кандуу мүчөсү болот.