Бакыт Рыспаев Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер агенттигинин башчысы болуп дайындалды

Бакыт Рыспаев өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер агенттигинин башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Темир Сариев кол койгонун 13-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Бакыт Рыспаев буга чейин Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими болуп иштеп келген. 
Айта кетсек, аталган агенттикти буга чейин Накен Касиев жетектеп келген. Аны быйыл 28-мартта мурунку өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кызматтан бошоткон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан