Премьер-министр
Темир Сариев Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу боюнча бүгүн, 13-майда мамлекеттик органдардын башчылары менен жолугушуу өткөрдү. Өкмөт жетекчиси кыргыз мамлекетинде электр энергиясын колдонуу жыл сайын өсүп, өлкө электр кубатын импорттоого аргасыз болуп жатканын айтты.
"Энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү ыкчам чечүү милдети турат. Бул үчүн кыргыз мамлекети менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу макулдашуусу бекитилген",- деди Сариев.
Өкмөт башчы 2016-жылы ГЭСтин биринчи агрегаты ишке бериле турганын, андыктан ишти тездетүү керектигин айтты.