Темир Сариев министрлер менен Орусияда эмгектенген кыргыз мамлекетинин жарандарын жумушка орноштуруу маселесин талкуулады

Бүгүн, 13-майда өкмөт башчы Темир Сариев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө миграциялык саясат маселеси, Орусияда эмгектенген кыргыз мамлекетинин жарандарынын абалы, аларды чет мамлекеттерде ишке орноштуруу маселеси талкууланды.

Талкуу жыйынтыгы боюнча Сариев Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында чек арадан өтүү жана жарандарды жумушка орноштуруу тартиби тууралуу маалыматтык кампанияны өткөрүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан