Наталья Никитенко сот реформасы боюнча Евробиримдиктин өкүлдөрү менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко 13-майда Евробиримдиктин "Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөө" долбоорунун кызматкерлери менен жолугушту. Депутат: "Азыр сот-укуктук реформаларды ишке ашыруу кызуу жүрүп жаткан мезгил. Депутаттардын, эксперттердин, жарандык коомдун ортосунда пикир алышуулар болуп, демилгечи депутаттар келип түшкөн сунуштарды изилдеп жатышат. Биз талкуудан качпайбыз. Эл сот-укуктук реформалардын жыйынтыгын күтүүдө",- деп билдирди. 

Долбоордун жетекчиси Сефаонс Кареклас кыргыз мамлекетиндеги укук үстөмдүгүн бекемдөө ишине көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, долбоордо эл аралык жана жергиликтүү эксперттер иштеп жатышканын кошумчалады.

Долбоордун эксперти Сандра Хорина жумушчу топтордо сот системин реформалоого көңүл бурулуп жатканын белгиледи. "Иш кагаздарынын пакети мыйзамдуу күчүнө киришинин оң жана терс жактарын каржы маселесин эске алуу менен да изилдеп чыгуу зарыл",- деди Хорина. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан