Быйыл 2014-жылга салыштырмалуу декларация тапшыргандардын саны 18 851ге өскөн. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда маалымат жыйынында КРнын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов билдирди. Анын айтымында, декларация тапшыруучулардын ичинен: 35 339 – мекеме, 86 580 – жеке ишкерлер, 244 360 – жеке жактар.
“Декларация тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны жылына өсүш тенденциясынын туруктуу экенин статистика көрсөтүүдө. Муну менен 2014-жылы 2013-жылга салыштырмалуу 22 970ке көп болгон. Мындан тышкары 1327 салык төлөөчү декларацияны интернет аркылуу электрондук түрдө берген”,- деди Кумашов.