Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде кыргыз жарандары үчүн кандай жеңилдиктер болору айтылды

Кыргыз мамлекети Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден тартып кыргыз жарандары үчүн кандай жеңилдиктер болорун эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмазбек Асанбаев айтып берди. Асанбаев бул тууралуу 14-майда Орусиянын Федералдык миграция кызматынын өкүлдөрү менен өткөн маалымат жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, Орусиянын аймагына кирген мигранттын патент алуу үчүн бир топ документтерди чогултуу түйшүгү токтотулат. "Мигрант жумуш берүүчү тарап менен эмгек боюнча келишимди бекитиши керек болчу, бул үчүн да документтерди чогултуу зарылчылыгы жокко чыгарылат. Анткени кыргыз жарандары жергиликтүү калк менен бирдей укуктуу болот",- деди Асанбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан