Орусиядагы мигранттардын "кара тизмесинде" кыргыз өлкөсүнүн 77 миң жараны бар. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда маалымат жыйынында эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов билдирди.
Анын айтымында, бул тизмеден чыгуу боюнча арыз менен 4 миңге жакын кыргыз жараны кайрылып, алардын 50 пайызы "кара тизмеден" чыгарылган. "Бул багытта Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Орусиянын Федералдык миграция кызматы менен биргеликте иш жүргүзгөн. "Кара тизмеден" студенттер, жакын туугандары Орусиянын жарандары болгон адамдар жана келишимдин негизинде эмгектенген жогорку квалификациялуу адамдар чыгарылат. Бул үчүн жазуу түрүндө арыз менен Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине кайрылуу керек",- деди министр.
Андан соң ал чет өлкөдөгү кыргыз жарандарын жергиликтүү мыйзамдарды бузбоого чакырды.