Ошто жаш балдарды массалык түрдө сүннөткө отургузуу жүрүп жатат

Бүгүн Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" медресесинде жаш балдарды массалык сүннөткө отургузуу иш-чарасы башталды. Анын ачылышына Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов, Ош шаарынын казысынын орун басары Анасхон Ташхожаев, Түркиянын кыргыз мамлекетиндеги элчисинин кеңешчисинин жардамчысы Мустафа Шамбер жана шаардык кеңештин депутаттары катышышты.

Сүннөткө отургузуу жөрөлгөсүн Түркиядан келген 2 хирург-дарыгер аткарууда жана ар биринин кабыл алуусунда 30дан бала киргизилип жатат. Сүннөткө отургузуу оорутуусуз жана заманбап шартта жасалууда. Былтыр да бул иш-чаранын алкагында 350 бала сүннөткө отургузулган. Бул иш-чара Өзгөн району, Жалал-Абад жана Баткен облустарында улантылмакчы.

Эскерте кетсек, бул иш-чарага түркиялык ишкер Мехмет Өзтүрк демөөрчү болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Medina87
2015-05-14 13:03:16
Сезон башталды....
+1
sabyr1977
2015-05-14 14:04:20
Кескенден кийинкисин эмне кылып жатышат болдукен?чогултуп самсаканага откоруп салбасын.жебегенибиз ошол еле калды еле.
+5
E.TARZAN
2015-05-14 14:58:36
Мусулман болушунар маарек болсун инилерим!!!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан