Орусиянын аймагына кириш үчүн паспортундагы аты-жөнүн өзгөрткөн мигрант кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн

Орусиянын аймагына кирүү максатында паспортундагы персоналдык маалыматтарын өзгөрткөн "кара тизмедеги" мигрантка карата катуу чара көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда маалымат жыйынында Орусиянын Федералдык миграция кызматынын өкүлү Владимир Филиппов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө паспорттордо маалыматтарды өзгөртүүлөр көп байкалууда. "Эгер мындай факт аныкталса, мигрант кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Ошондуктан мигранттарды тобокелге баруудан баш тартууга чакырар элем",- деди Филиппов.

Мындан сырткары ал Орусиянын аймагына кирүү тартибиндеги өзгөрүүлөрдү түшүндүрүп берди. "Эгер кыргыз жараны ID-картасы менен Орусиянын аймагына кирсе, ал миграциялык картаны толтурушу керек. Ал эми жалпы жарандык (загранпаспорт) паспорт менен кирген болсо, 30 күнгө чейин жүрө алат. Андан кийин жаран милдеттүү түрдө келишим түзүшү керек. Анткени миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн катуу чаралар каралган",- деп кошумчалады Филиппов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Medina87
2015-05-14 13:24:46
Айди карта менен кара тизмеге киргенмин, бирок Загран паспорт менен кирсен деле персональный код деген балакет РФга жолотпосун билип аты-жонумду озгорткон жокмун. Конгон Алматымда жумуштамын,кв-ра арзан,айлык да нормально. Рублга салыштырганда бир канча ынгайлуу.
+1
Akmosha
2015-05-14 14:56:31
17 жаштан откон,18 ге толто элек балага доверенность керек 1000 сом берсенер бутуруп беребиз деп кечээ ОШ аэропортунан кайнимди откорбой койушуптур.Паспорту болсо доверенность керекпи, коррупциябы же ушундай жаны закон чыкканбы туугандар айтып койгулачы.
0
Medina87
2015-05-14 15:25:53
Akmosha,
Паспорт алса да 18ге чыга электерге ата-энесинин чет жакка чыгуусуна уруксаты керек доверенность турундо. Бул закондо бар.
0
Akmosha
2015-05-14 16:51:25
Medina87, Рахмат,Эми билип алдым.Ошондой экен да.Чет жерде журо берип коп нерсени этибар албай калат экенбиз.
0
mekenchil_jigit
2015-05-14 15:05:33
Аты жөнүн өзгөртүп бир досум иштеп жатат. Азыр да экөөсү өзгөртүүдө. Мындай ыкманы азыр көпчүлүк кара тизмеге түшкөндөр колдонууда
0
admin_portal
2015-05-15 11:42:59
hairullo, саламатсызбы!
SUPER.KG порталы кыргыз тилдүү болгонуна байланыштуу кыргыз тилинде ой-пикир жазууңузду сунуштайбыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан