LG: Жаңы LG G4 смартфону менен укмуш сүрөттөр!

Эми жогорку класстагы тунуктук, түстөрдүн айкалышы жана көркөмдүк менен сүрөттөрдү толуктоо үчүн профессионал фотограф жалдоонун, кымбат жабдууну ижарага алуунун кереги жок! Болгону жаңы LG смартфонунун бир катар функцияларын башкаруу жетиштүү. Сиздин үй-бүлөлүк фототоптомуңуз заматта укмуш сүрөттөр менен толукталат. 
Жаңы LG G4 смартфону профессионалдуу тартуунун функциялары менен жабдылган. Анын апертуралык линзасы смартфондордо биринчи жолу колдонулууда. Ал LG G3кө салыштырмалуу камеранын жарык сезгичтигин 80 пайызга жакшыртат. Бул күңүрт жерден да туптунук сүрөттөрдү тартууга мүмкүндүк берет. Булуттардын тез-тез алмашуусунда кадрдын жарыктык нормасын жөнгө салып туруу керек. G4 аркылуу сиз муну тез жана өз колуңуз менен каалагандай жөндөй аласыз. Manual Mode (кол менен түзүмдөштүрүү) функциясы сизге сүрөттөлүштүн фокусун, камеранын кадрды кармап калуу тездигин жана жарыктын өлчөмүн көзөмөлдөөгө жол ачат. Тартылган сүрөттөрдү JPEG форматында гана эмес, RAW форматында да сактоого болот.  
LG G4түн камерасы Color Spectrum Sensor сенсору - түстөрдүн тактыгын жакшыртуучу функция менен толукталды. Тунук, деталдуу портреттер жана көпчүлүк түшүүчү сүрөттөр үчүн 8-мегапикселдүү алдынкы камера Gesture Interval Shot функциясы менен жабдылган, 2 секундда 4 кадр тартууга жөндөмдүү. 
Бул 5,5 дюймдуу IPS Quantum Display дисплейи колдонулган биринчи смартфон. LG Gсмартфонунун арткы тарабы табигый булгаарыдан колго жасалган жана бир нече түстүү. Сырткы көрүнүшүнөн эле байкалып тургандай, бул смартфон колдонуучуга ыңгайлуулук тартуулайт. 

 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ibo
2015-05-14 15:45:39
Кайсыл жерден сатып алса болот? Адрестери жана баалары жонундо да толук маалымат берип койсонуздар.
+4
zoichka
2015-05-14 18:37:39
ibo, буйурса 1 июндацумдагы планетажсм десатылат
0
zoichka
2015-05-14 18:38:27
Предзаказ. Кылса. Болотэкен 39900
0
Yu-piter
2015-05-14 22:49:46
8 Мегапиксел дейби күлкүлүү го
0
Kesh.26.
2015-05-15 00:12:45
Yu-piter, 8мегапиксел только передний камера))) арткысын кудай билет 16 мегапикселден кем болбосо керек...
0
Yu-piter
2015-05-15 09:44:27
Kesh.26., арткысын дегин арткысын карап көр анда канча экенин билесиң
0
Kairatmyn
2015-05-15 12:43:50
Суротко ойду келди тушкон куноо арам.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан