Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Эл жазуучусу, эгемендүү кыргыз мамлекетинин биринчи Эл Баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелигин коюу үчүн белгиленген жерди түптөө иш-чарасына катышты.
Текебаев Т.Сыдыкбековдун өмүрү кыргыз мамлекетинин, анын чыгармачылыгы кыргыз адабиятынын калыптанышы менен тыгыз байланышта болгондугун айтып, анын Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин бир нече чакырылыштарынын депутаты катары коомдук-саясий ишмердүүлүгүн белгиледи. “Биздин идеологиябыз ата-бабаларыбыздын рухий, маданий жана адабий мурастарына негизделет. Биз өзүбүздүн рухий байлыгыбызга, тарыхыбызга таянабыз”,- деп билдирген депутат борбор калаанын так ортосуна кыргыз адабиятынын патриархы болгон Т.Сыдыкбековдун эстелигин орнотуу эң туура болорун белгиледи.