Орусиядан келген доцент Ошто студенттер менен жолугушту

Ош мамлекеттик университетине Орусиянын Белгород мамлекеттик улуттук изилдөө университетинин доценти, юридика илимдеринин кандидаты Цуканова Елена келди. Окуу жайдан кабарлашкандай, ал ОшМУнун юридика факультетинин студенттерине, магистранттарына 12-13-14-май күндөрү юридика багытында лекцияларын окуду. Иш сапардын алкагында Е.Цуканова окуу жайдын ректорунун кабыл алуусунда болуп, Белгород мамлекеттик улуттук изилдөө университети менен ОшМУнун биргелешкен кызматташуулары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Белгород мамлекеттик улуттук изилдөө университетинин башаты 1876-жылы башталган болсо, учурда 25 миңден ашуун студент окуп, анын ичинен 1800дөн ашуун чет элдик студенттер дүйнөнүн 76 мамлекетинен келип билим алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Maalymat
2015-05-15 00:18:40
Россиядан бир илимдин кандидаты барса деле укмуш жарыялап жыргап калышат, Россияда канчалаган биздин акылдуу жаштарыбыз университеттерде, илимдер академияларында иштешет, андан коро ошолордон кенири интервью алып элдерге кенири жеткирсенер жакшы болмок!
0
Ayka1994
2015-05-15 12:26:30
Аларды ошол жактагы ММК на мактап жактап корсотсо болмок бул кандидиат биздин олкого келгенден кийин биздин ММК кабарлап туратта ал жонундо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан