Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда эң мыкты окуган студенттерге арналган салтанаттуу азем болуп өттү. Окуу жайдан билдиришкендей, азем гимн менен ачылды. Ошондой эле уюштуруу тобу тарабынан үлгүлүү студенттерге “Окуунун мыктысы” деген төш белги тагылып, мыкты студенттердин ата-энелерине, бүтүргөн мектебинин эмгек жамаатына окуу жай тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды.
Салтанаттын жүрүшүндө окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев, окуу иштери боюнча проректор Каныбек Райимбеков куттуктоо сөзүн сүйлөштү. Түркияда, Орусияда билим алып, тажрыйба топтоп келген студенттерге да сөз берилди. Андан соң чакан концерттик программа тартууланды.