2015-жылдын 12-майында Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын III отчёттук съезди өттү. Партиянын жобосуна ылайык, партия төрагасы Бакыт Төрөбаев тарабынан эки жыл аралыгындагы отчёт берилди. Бул кыргыз мамлекетиндеги саясий партиялардын жаңы тарыхында эл алдындагы алгачкы ачык отчёту болуп эсептелет. Төрага партиялаштар алдында негизги максаттарды аныктап, жаңыртылган саясий платформаны сунуштады. Съездге өлкөнүн бардык аймактарында ушул жылдын март-апрель айларында өткөн конференцияларда шайланган 650 делегат, көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.
Мындан тышкары партия төрагасы кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭБге кирүүсүн колдонуп калуу зарылдыгына токтолду. "Бул биздин айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мүмкүнчүлүк, биз аны өткөрүп жибербешибиз керек",- деди Бакыт Төрөбаев.
Бул үчүн төрага ирригация системин өнүктүрүүгө, жогорку кирешелүү тармактар жашылча-жемиш өстүрүүгө, мал чарабасына жана кайра иштетүү тармактарына багыт алууну сунуштады. Эгерде инвестиция тартылса, анда кыргыз мамлекетинин айыл чарба тармагында “алтын доорду” күтсө болорун кошумчалады эл өкүлү. Партия мындан ары дагы дыйкан-фермерлерди колдоону уланта берери айтылды. "Өнүгүү-Прогресс" партиясы - өлкөдөгү дыйкандар менен аймактарда жашагандардын партиясы. Биз 2012-жылдан бери жер иштеткендердин кызыкчылыгын колдоп, коргоо милдетин алганбыз. Биздин максат - кыргыз өлкөсү өнүккөн агрардык республика деген макамды кайра кайтаруу",- деп билдирди Бакыт Төрөбаев. Ошондой эле ал “Өнүгүү-Прогресс” партиясы иштей аларын жана элге пайда алып келерин көрсөттү деп белгиледи.
Партия лидери суу кыргыз өлкөсүнүн тышкы экономикалык ишмердигинде товар болушу керек экенин билдирди. "Эмнеге кыргыз дыйканы кыргыз өкмөтү үчүн сууга акы төлөйт да, өзбекстандык фермер төлөбөш керек?" деп суроо салды Төрөбаев. Анын пикиринде, коңшулар кыргыз жеринен сууну бекер алып бизге чыгаша келтирбестен, тийиштүү акысын төлөшү зарыл. "Эгерде биз азыркы күндө бул маселени айтуудан корксок, анда 10 жылдан кийин суубузду курал менен коргогонго аргасыз болобуз”,- деп кошумчалады Бакыт Төрөбаев.
Съезддин жүрүшүндө республикалык маанидеги облус жана шаарлар боюнча ишмердүүлүгү туурасында координаторлор отчёттору менен тааныштырышты. Делегаттар отчёттук мезгил аралыгындагы партиянын ишмердигин үлгүлүү деп таанышып, партиянын төрагасы Бакыт Төрөбаев сунуштаган платформаны негиз катары кабыл алышты.