Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине кыргыз мигранттарын Орусиядагы "кара тизмеден" чыгаруу тапшырмасы берилди

Өкмөттүн 14-майдагы жыйынында премьер-министр Темир Сариев Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине кыргыз мамлекетинин жарандарын Орусиядагы "кара тизмеден" чыгаруу боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.

"Өлкөнүн калкынын 86 пайызы Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүнү колдоп жатат. Анткени жарандар мигранттар үчүн жеңилдиктерди күтүшүүдө. Аталган министрлик бул багытта иш алып барып, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, "кара тизмеден" мекендештерибизди чыгаруу боюнча ишмердүүлүктү күчөтүү тапшырмасы берилди",- деди Сариев.

Айта кетсек, Орусиядагы мигранттардын "кара тизмесинде" 77 миң кыргыз өлкөсүнүн жарандары бар экени маалым болгон. Бул тизмеден чыгуу боюнча арыз менен 4 миң жаран кайрылса, 50 пайызы гана канааттандырарлык жыйынтыкка жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан