Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы мектепте тегерек столго катышып, шайлоочулар менен жолугушту. “Мени айыл жаштарынын, мектеп окуучулары менен эмгек жамаатынын өлкөдө жүргүзүлүп жаткан жаңы реформалар, жаңы багыттар, жаңы кадрлар жана ар бир кесиптин баасы менен мааниси боюнча өз ой-пикирлерин айтып, кызуу талкуу жараткандыгы сүйүндүрдү”,- дейт депутат.
Шайлоочулар менен болгон жолугушууда мугалимдердин маянасынын аздыгы, майрам күндөрү үчүн айлык төлөнбөстүгү, социалдык жөлөк пулдар автоунаасы, жери же малы бар деп айрым адамдарга берилбей жатышы боюнча нааразычылыктар айтылганын ЖКдан билдиришти.
"Акман айылынын тургундары жаш үй-бүлөлөргө турак жай салуу үчүн жер тилкелери трансформацияланбай жатканына, бул багыттагы мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоого алынбай калганына нааразы экендиктерин билдиришти. Нышанов шайлоочуларга бул маселени кайра кароо боюнча демилгелер көтөрүлүп, фракцияларда талкууланып жатканын билдирди",- деп айтылат маалыматта.