Жалал-Абад. Энелер күнүнө карата биринчи жолу төрөгөн айымдарды төрөт үйүндө куттукташат

Жалал-Абад шаарында Энелер күнүнө карата биринчи жолу төрөгөн айымдарды төрөт үйүндө куттукташат. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Энелер күнүнө карата борбордук көчөлөргө майрамдык көрнөк-жарнактар илинип, 18-май күнү Барпы театрында майрамдык салтанат өткөрүлөрү белгиленди. 

"Майрамдык иш-чара шаардагы бардык Баатыр энелерди бир жерге чогултат. Ошондой эле “Эне тилеги” аттуу сүрөт жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, келген конокторго “Энеме сунам ыр десте” аттуу концерттик программа тартууланат. Мындан тышкары шаардагы мектептерде “Алгачкы сөзүм - апам” темасында ачык класстык сааттар өткөрүлүүдө" деп айтылат маалыматта.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Medina87
2015-05-14 21:13:27
Алгачкы созум "АПА".....
+1
jon.as
2015-05-15 03:12:57
биздин бактыбызга бар болгула энелер!
+1
AFRODITA-89
2015-05-15 12:50:37
ошол куну торогон айымга эмне белек беришет экен ким болор экен дагы кабар бериниздерчи супер инфо сиздер суперсинерго
0
admin_portal
2015-05-15 13:03:05
AFRODITA-89, саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан