Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунда "сойкуканалар бар" делинген көп батирлүү үйдө текшерүү жүргүзүлдү (фото)

Бүгүн, 14-майда Бишкек шаарынын мэриясы Чыгыш-5 кичи районундагы "сойкуканалар бар" делинген №19-көп батирлүү турак үйдө текшерүү жүргүздү. Буга бул үйдүн жашоочулары тарабынан көп жылдан бери айтылып келген нааразычылыктар себеп болду. Үй башы Насипа Насырованын айтымында, аталган турак жайда бир нече сойкукана бар. "Бул жерге күнү-түнү бейтааныш адамдар келе беришет. Ызы-чуу, мушташуулар көп орун алат. Ар кандай башкармалыктарга кайрылдык, жыйынтык көрбөй жатабыз",- деп нааразычылыгын билдирди үй башы.

Текшерүүнү биринчи вице-мэр Замирбек Малабеков жетектеп, аны менен кошо Салык кызматынын, райондук милиция бөлүмүнүн жана райондук башкармалыктардын кызматкерлери жүрүштү. Милиция кызматкерлери журналисттер менен "сойкукана" делинген батирлерге барышканда, алардын биринде гана эшикти ачышты. Тамекинин түтүнү каптаган батирде 4 бийкеч отурган экен. Алар сойкуканага эч кандай тиешеси жоктугун айтып, бири Түркиядан курбусунукуна жаңы эле келгенин далилдөөгө аракет жасады.

Вице-мэрдин айтымында, мындай үйлөр борбор калаада көп байкалууда. "Тургундар тарабынан көп нааразычылыктар түшөт. Батирлерди ижарага бергендердин патенти бар. Алар салык төлөп турушат. Ошол эле учурда турак жайларда мейманканаларды ачууга тыюу салынат. Мындан улам ушундай мыйзамдык коллизиялар орун алууда. Ошондуктан коомдук жайларда тартип орнотуу маселесин тиешелүү мыйзамды кабыл алуу аркылуу чечүүгө туура келет",- деп түшүндүрдү вице-мэр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Lapushka15
2015-05-14 22:42:51
Дененди сатып акча тапканча олгонун артык!Кудайым берген бутун,колун бар.Андан коро бироонун эшигин астын шыпырсан да адал жегенин жакшы.Ыйманын жок болсо,баары жок сенде!Сулуугун,билиминди жууп коесун!!!!!!
+5
kumushai-kg
2015-05-14 23:16:13
Инсап берсин!
+3
Bek94
2015-05-15 00:21:35
Дене сатып конуп калышты да.
0
Aselina_kg
2015-05-15 00:31:08
Текшерип,таап,жазаларын бериш керек!Денесин саткандарды камап койгула!
+3
Joni.kg
2015-05-15 00:43:21
Ал квартиралардын крышасы биздин чондор?милиция келет, печаттап кетет,ертеси ачып иштей беришет!Дамком ежеге рахмат.чырылдап,барбаган жери калбады!вице мерди коробузго
+3
Joni.kg
2015-05-15 00:45:45
Баары суточный квартира?эженин меенети кайтсакен...
+1
NooKeN_KG
2015-05-15 00:57:33
Сойкуканага тиешен жок болсо не жузунду жашырасын?
+1
Amantur.
2015-05-15 01:10:52
Дубалдагы кан эмне болгон кан болушу мүмкүн?
Уятсыздар!!! Эжеге рахмат.
+1
kama_future_millioner
2015-05-15 01:32:28
Уяты жоктор
+1
rasul-kg
2015-05-15 01:46:51
Бикектеги кулева кочосун да текшерсенер болмок бир жолу кыргызстанга барып жолум ошол кочодон отушкерек болду басып баратсан мал базарга окшотуп канча берес Байке дейт уялбай кочонун башына чыксам досторум коруп калып айтып атышат эх досум келип эле ушул кочого кирипсин деп досум жок андай эмес дедим жолум ушул кочодон болуп калды десем кулуп кулуп досум тамаша бул кочодо сойку кыздар коп деди досума айтып бул кочодон биринчи басканымда Жана акыркы басканымда ушул босун дедим
+2
daniyar93
2015-05-15 07:54:50
Ошол Саткан айалдарды Баарын Кармап Туруп Жок кылыш керек!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
daniyar93
2015-05-15 07:56:08
Буларга Эгер жаза келске Баарыбызга келиши мункун!!!!
0
guard
2015-05-15 09:53:09
Урматтуу админ, результаты эмне болуптур, сойкуканага айланган гостиницаны жааптырбы же тиешелуу мыйзамды кутүү керек бекен ?!
+1
admin_portal
2015-05-15 11:32:34
guard, саламатсызбы!
Тактап кабар бергенге аракет кылабыз.
+1
Ayka1994
2015-05-15 12:36:03
Эх кыргызым качан кыргыздар сойку болуп сузулуп кочодо калган эле акылынарды жыйгылачы. Кыздарыбызды ушул жолго салган ошол эле биздин эркектер. Эркектерибиз ар бир жат кызды карындашындай,кызындай, эжесиндей, женесиндей, энесиндей корсо биздин кыздарда сойку болуп сойку канааларда калып кетмек эмес. Эххх аттин!!!
+2
ooki8888
2015-05-15 20:15:13
Менимче сойкуларды жоготсок, зордуктоо куч алат. Себеби анча мынча ычкыры боштор, арам ойун ошолдон чыгарып журушот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан