Ош. 2015-жылдын мыкты мугалимине унаа берилди

Кечээ, 14-майда Ош шаарында “Жылдын мыкты мугалими-2015” сынагынын финалы өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, сынакка 36 окутуучу катышып, алардын 15и 2-турга өтүп, 7си финалга чыккан. Мугалимдер окуу-методикалык материалдар көргөзмөсүн уюштуруу, өзүнүн кесиби жөнүндө айтып берүү, окутуучу кезиккен ыңгайсыз абалдардан туура чыгып кетүү боюнча суроолорго жооп берүү, мастер-класс, блиц-турнир жана хобби сынактарынан өздөрүн сынашты. Салтанаттуу иш-чаранын жеңүүчүлөрүн шаар мэри Айтмамат Кадырбаев сыйлады.

Сынактын жыйынтыгы менен баш байгени №5-мектептин мугалими Эльвиза Нарынбаева утуп, белекке Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаанын ачкычын алды. Ал эми 1-орунду №50-мектептин мугалими Ханзаада Маатова, 2-орунду №7-мектепте иштеген Элиза Рыскулова жана 3-орунду №41-мектептин окутуучусу Нигора Худоярова жеңип, баалуу белектерге ээ болушту. Мындан тышкары жарым финалга өткөн 8 мугалим Ардак грамоталар менен сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Medina87
2015-05-15 10:34:59
Куттуктайбыз!!
0
killerbee
2015-05-15 10:50:11
хехех матисби тико берсе жакшы болмок
0
bekos2012
2015-05-15 10:57:25
Абдан жакшы, кеп Матис же Тикодо эмес, кеп конул бургандыкта, мугалимдер учун чон СТИМУЛ болот...
+3
jazgul80
2015-05-15 11:11:15
бул жерде да корупция бар.машина жонокой эле адамдарга оной менен берилбей калдыго. оштоле болсо. кытайлар 561000сом ардагерлерге беришти эле. оштун мээри. 54 ардагерге 10000ден берди. аа21000сом кимге каяка берилди белгисиз.
+1
asi15
2015-05-15 12:00:39
Мумкун калган акчаларды ушундай пайдалуу иштерге пайдаланып жаткандыр.
0
uulay
2015-05-15 12:18:52
Матис да машина да,Темир тулпар кут болсун! Грамота берип куттуктап койсо эмне болот эле.
0
Ayka1994
2015-05-15 12:21:16
Куттуктайбыз мугалим болуу учун келечек муун окулдоруно да пайда келтиреер бул конкурс
0
paula.90
2015-05-15 14:33:47
Корупция болуп кеттиптир(((
+1
mirana9395
2015-05-15 16:16:46
Мугалимге ылайык машина экен,куттуктайм.
0
aydarken
2015-05-15 18:54:14
Матис эмес москвичке жетпей жургондор бар,тообо кылгыла нанды ЧОН тиштесен да-Создон ЧОН тиштебе деген,ОЗУ Матис аялдарга ынгайлуу,куттуктайбыз Насип кылсын балдарынызды салып алып ары бери айдап журобериниз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан