Ири кендерде мөңгүнү ордунан жылдырууга уруксат берүүчү мыйзам долбоорун өкмөт жактырды

Өкмөттүн 14-майдагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору жактырылды. Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевдин айтымында, бул документ өзгөчө стратегиялык маанидеги кендерде жайгашкан мөңгүлөр боюнча чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүүгө укук берет.
"Кыргыз мамлекетин туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясында ири көлөмдөгү 16 кен белгиленген, мунун көбү бийик тоолуу шартта жайгашкан. Ошондуктан мөңгүлөр боюнча тоо-кен өндүрүшүндөгү аракетти укуктук жөнгө салуу зарылчылыгы келип чыкты. Азыркы мыйзамдарда тыюу салуу жагы гана каралган. Мыйзам долбоору кабыл алынса, өлкө экономикасына жана аймакты өнүктүрүүгө ири салым кошуп жаткан мекемелерге кенди иштетүү аймагына туш келген мөңгүнү башка жакка көчүрүүгө мүмкүндүк берилет",- деди министр. 
Өкмөт жетекчиси Темир Сариев мыйзам долбооруна дыкат мамиле жасоону министрлик жана мекеме башчыларына тапшырды. "Өкмөт колдогондон кийин мыйзам долбоорун парламентте коргоо керек болот. Кабыл алынгандан кийин аны иштетүү кажет. Муну эске алуу менен бул маселеге аяр мамиле кылууга чакырам",- деди Сариев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан