Жогорку Кеңеш кыргыз өлкөсүнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча документтерди ратификациялоону кийинки жумада карай баштайт. Бул тууралуу экономика министри
Олег Панкратов 14-майда Өкмөт үйүндө өткөн жыйында айтты. Анын айтымында, документтерди ратификациялоо Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин 18-майдагы жыйындарында карала баштайт.
"Ал эми Жогорку Кеңештин 20-майдагы жалпы жыйынында талкууланып, добуш берилиши керек",- деди Панкратов.
Жогорку Кеңеш документти ратификациялоодон өткөргөн соң ага президент Алмазбек Атамбаев кол коёт. Өкмөт башчы Темир Сариев аталган биримдикке мүчө мамлекеттер да кыргыз жерин колдоп, ратификациялоону тездетип, май айынын соңуна чейин карап жатышканын айтты.
Айта кетсек, биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары 8-майда Москвада өткөн жыйында кыргыз мамлекетинин биримдикке кошулуусун колдоп, соңку документтерге кол коюшкан. Эми парламенттер тарабынан толук ратификациядан өткөрүлгөн соң Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке кошулат.