Ош. Кызылча жана кызамыкка каршы эмдөөдөн тургундардын 15 пайыздан ашыгы өттү

Ошто пландалган эмдөөлөрдүн 15 пайыздан ашыгы ишке ашты. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун түштүк филиалынын жетекчиси Эркегүл Сманалиева билдирди. Анын айтымында, кызылча жана кызамыкка каршы эмдөө кампаниясынын экинчи айлампасына ылайык, 12-майда Ош шаарында пландалгандардын 16 пайызы, Ош облусунда пландалгандардын 17,1 пайызы эмдөөдөн өттү.

"Ош облусунан 489 817 жана Ош шаарынан 108 926 адам эмдөөдөн өтөт. Булар 1 жаштан 20 жашка чейинки балдар, өспүрүмдөр, окуучулар жана студенттер. Башка аймактар сыяктуу эле Ошто 12-майдан 23-майга чейин кызылча жана кызамыкка каршы эмдөө кампаниясынын экинчи этабы жүрүп жатат",- деди Сманалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ayka1994
2015-05-15 12:27:54
Мен чет элде элем привканы кузундо барганда алсам болобу анда да берилеби же албай калсак да болобереби. Билгендер маалымат берип койгулачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан