Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы астында 14-майда чек ара маселелери боюнча өкмөттүк комиссиянын жыйыны өттү. Жыйында мамлекеттик чек араны бекемдөө боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы угулду жана чек араны бекемдөөгө карата мындан аркы стратегияны иштеп чыгуу сунушу талкууланды.
Мамлекеттик органдардын башчылары чек ара көйгөйүн КРнын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү контекстинде чечүүнү сунушташты. Жыйынтыгында Маматалиев тармактагы иштерди күчөтүү үчүн тийиштүү органдарга тапшырмаларды берди.