14-майда Санкт-Петербург шаарында КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын эки туруктуу комиссиясынын жыйыны өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбек Алимбеков менен Айнуру Алтыбаева катышты. "Салык кодексине, "Жалпы-жеке өнөктөштүк жөнүндө" моделдик мыйзамга түшүндүрмө берүү долбоорлору, "Шайкеш келүүнү баалоо жаатында акредиттөө тууралуу" моделдик мыйзамдын долбоору, Космос мейкиндигин тынчтык максатында изилдөө жана пайдалануу жаатында кызматташтык жөнүндө КМШ Конвенциясы талкууланды",- деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы.
Мамлекеттик түзүлүштүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тажрыйбаларын иликтөө боюнча туруктуу комиссиянын ишине Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев катышты.
Комиссия мүчөлөрү "Жергиликтүү бийлик органдарынын чек ара аймагындагы кызматташууларга катышуусунун тартиби жөнүндө", "Коомдук көзөмөлдүн негиздери жөнүндө", "Стратегиялык болжол жана пландаштыруу жөнүндө", "Автомобиль унаасы жөнүндө" жана башка мыйзамдардын долбоорлору талкууланганы айтылды.