Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 13-14-май күндөрү Ош облусунун Кара-Кулжа районунун борборунан тартып алыскы Алайкуу өрөөнүнө чейин барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушууда унаа жолу, таза суу, бала бакчалары, мектептердеги спорттук залдардын тартыштыгы сыяктуу социалдык көйгөйлөр көтөрүлүп, тийиштүү жооптор берилгенин Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан 15-майда билдиришти.
Район тургундары бир катар коюлган талаптар четинен аткарылып жатканын айтышып: "Мындан мурда келгениңизде бир катар көйгөйлөрүбүздү айттык эле. Көтөргөн маселелер жерде калбай, четинен аткарылууда. Бүгүнкү күндө мектеп, спорттук залдар курулуп жатат. Быйыл жаңы оорукана ишке берилери кубандырат",- деп билдиришти.
Жээнбеков мамлекетибиз мурдагыдан күчтөнүп баратканын, эл тарабынан коюлган маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүктөр жаралганын баса белгиледи. Бүгүнкү күндө аткарылып жаткан иштер башталышы гана экенин, мындай иштер жыл өткөн сайын көбөйө берерин кошумчалады. Эң башкысы, мамлекетибизде тынчтык болсо гана өнүгүү болорун айткан Жээнбеков өлкөдө жүргүзүлүп жаткан олуттуу реформаларга да токтолуп өттү.