Бүгүн, 15-майда Бишкек шаарынын мэриясы Энелер күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүүдө. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектеги Ленин районунда “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” наамын алган 143 айым, Свердлов райондук администрациясында “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” наамын алган 160 аялзатынын катышуусунда иш-чара өткөрүлдү. Ошондой эле Биринчи Май райондук администрациясы 14:00дө Тарых музейинде “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” наамын алган 160 эненин катышуусунда майрамдык салтанат өткөрөт. Ал эми Октябрь райондук администрациясы 92 “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” наамынын ээлерине арналган иш-чараны 14-майда “Салкын-Төр” ресторанында өткөрдү.
Айта кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен 2012-жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинен тарта кыргыз мамлекетинде Энелер күнү белгиленип келет. Бул күн энелердин коомдогу ордун, статусун жогорулатып, энелерге көңүл бурууга арналган күн болуп эсептелинет.
Дүйнө жүзүндөгү ар бир мамлекет өзүнүн маданиятына, салтына таянып, атайын бир күндү салттуу түрдө Энелер күнү катары белгилейт. Энелер күнүн белгилөө Байыркы Римден баштап биздин заманга чейин сакталып калган салт болуп эсептелет. Америка Кошмо Штаттарында Энелер күнү 1872-жылдын май айынын экинчи жекшембисинде биринчи жолу белгиленген. Ал эми Орусия 1998-жылы ошол убактагы президент Борис Ельциндин буйругунун негизинде ноябрь айынын акыркы жекшембисинде майрамдап баштаган.