Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу менен таанышып чыгышат

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети 17-18-май күндөрү Нарын облусунда парламент тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдердин алкагында ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлорду талкуулоо үчүн көчмө жыйын өткөрөт. Маалыматты 15-майда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Көчмө жыйында депутаттар 17-майда Кемин районундагы "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч чубалгыларынын тартылышы жана "Кемин" электр көмөкчү чордонунун курулушу менен таанышат. Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушун көрүшмөкчү.

Комитет мүчөлөрү Бишкек-Ош унаа жолунун Боом капчыгайындагы бөлүгүнүн абалы, өлкөнүн эки аймагын бириктире турган стратегиялык багыттагы Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз – Арал жол тилкесинде жүрүп жаткан курулуш иштери менен да таанышары айтылды.    

Тармактык комитеттин 18-май күнү Нарын шаарында өтө турган жыйынында облустагы социалдык-экономикалык жагдайы, жергиликтүү калктын көйгөйлүү маселелери талкууга алынып, аларды чечүү жаатында чараларды көрүү жана чечүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынып, мамлекеттик органдар менен мекемелерге тиешелүү тапшырмалар берилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан