Эльвира Сариева Арменияда эл аралык конференцияга катышууда

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Арменияда болон реформасы маселелери боюнча министрлер конференциясына катышууда. Иш-чарага Орусиянын билим берүү жана илим министри Дмитрий Ливанов, Латвиянын билим берүү министри Марите Селе, бир катар жогорку окуу жайлардын ректорлору жана башкалар катышып жатканын министрликтен 15-майда билдиришти. 

Сессияда Сариева билим берүү тармагындагы аймактык кызматташтык боюнча жетишилген ийгиликтер тууралуу сөз кылды. Жогорку окуу жайлар арасында студенттерди алмашуу тажрыйбасынын артыкчылыгын белгиледи. Иш-чара жыйынтыгында жогорку билим берүү тармагында саясий документ кабыл алынары айтылды. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан