Роза Отунбаева: "Парламентте эркек жана аял депутаттардын санын 50х50 пайыз кылышыбыз керек"

"Парламентте эркек жана аял депутаттардын санын 50х50 пайыз кылышыбыз керек",- деп билдирди экс-президент Роза Отунбаева. Бул тууралуу экс-президент "Пекин+20" конференциясынын чечимдерине ылайык, 15-майда өтүп жаткан "Гендердик теңчиликке жетүүдөгү парламенттин ролу" аттуу эл аралык конференцияда айтты. Анын билдиришинче, бул дүйнөдөгү парламенттерде негизги маселелердин бири болуп саналууда.
"Дүйнөдөгү парламенттерде 2030-жылга чейин эркек жана аял депутаттардын өлчөмүн 50 пайыздан кылуу маселеси коюлган. Учурда Жогорку Кеңештин депутаттарынын 30 пайызы айымдар. Бул көрсөткүчкө жетиш үчүн чоң күрөш болгон. Тилекке каршы, парламенттен кеткен айым депутаттын ордуна эркек депутаттардын келгенин байкап жатабыз",- деди Отунбаева. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан