Геология жана минералдык ресурстар агенттиги "Алды-Жар" кенин иштетүү укугун аукционго коёт

Геология жана минералдык ресурстар агенттиги "Алды-Жар" көмүр кенин иштетүү укугун аукционго коёт. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда аталган мекемеден билдиришти. Аталган кен тилкеси Ош облусунун Алай районунда жайгашкан. Маалыматка таянсак, кенде 1974-1975-жылдары чалгындоо иштери жүргүзүлгөн, тилкеде болжол менен көмүрдүн 315 миң тонна кору бар. 
Аукцион 2015-жылдын 6-июлунда Алай районундагы Корул айылында саат 12:00дө башталары айтылды. 
Катышууну каалагандар тийиштүү документтерди 30-июнга чейин төмөнкү дарек боюнча тапшырышы керек: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары-2, 225-бөлмө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан