12-майда Чаткал районунун Кызыл-Токой айылында сел жүрүп,
Нурманбек Арзыматовдун 950 коюн жана 5 бодо малын агызып кеткен. Окуянын чоо-жайы боюнча SUPER.KG порталы кабар алды. Нурманбек мырзанын уулу Баяман билдиргендей, сел агызып кеткен 950 койдун 120сы тирүү табылып, дагы 120сынын өлүгү табылган. Чогулган эл агып бараткан чала жан малдарды кармап, бир тобун адалдап мууздаганга жетишкен. "150дөн ашык койду элге таратып бердик. Калган мал табылган жок",- деди Баяман.
Кошумчалай кетсек, кырсык 12-май күнү саат 21:00 чамасында катталган.