"Кыргыз Республикасынын гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча тажрыйбасы урматтоого татыйт жана көптөгөн өлкөлөргө үлгү да боло алат",- дейт БУУнун кыргыз өлкөсүндөгү тутумунун туруктуу координаторунун милдетин аткаруучу Доржи Кинлай. Ал бул тууралуу бүгүн, 15-майда өткөн "Пекин +20" конференциясынын чечимдерине ылайык гендердик теңчиликке жетүүдөгү парламенттин ролу" аттуу эл аралык конференцияда айтып чыкты.
Д.Кинлай өз баяндамасында аялдардын жана кыздардын экономикалык өз алдынчалыгын камсыз кылууга таасир эте турган, алардын билим алуу маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын билдирди. "Мында өлкөдөгү аялдар менен эркектердин теңчилигин камсыздоого багытталган кыргыз парламентинин саясий эрки өзгөчө роль ойноду",- деп жыйынтыктады сөзүн.
Эске салсак, эки күндүк бул конференциянын максаты - кыргыз мамлекетинде эл аралык милдеттенмелердин алкагында гендердик теңчиликке жетүүдөгү парламент менен өкмөттүн ролун арттыруу.